Баш оона 27, 2025
Убакыт: 16:20
USD
87.10
87.60
EUR
101.00
102.00
RUB
1.075
1.105

Экстремисттик идеология тараткан чет өлкөлүк жаран кармалды

Экстремисттик идеология тараткан чет өлкөлүк жаран кармалды

Диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кылмыштардын бердиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 8-сентябрда УКМК тарабынан 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны Ч.Д.Д. кармалды.


Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, банк карталары, көп сандагы телефондор жана сим-карталар, ошондой эле тергөөгө тиешелүү материалдар табылып алынды.


Азыркы учурда кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага карата ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн