Эквадордун борбордук бөлүгүндөгү Алауси шаарында жер көчкүнүн кесепетинен 46 адам дайынсыз жоголуп, жети адам каза болгон. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар департаментине таянып чет элдик маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, 27 адам жаракат алып куткарылды. Ал эми дайынсыз болгон адамдардын саны 46.
Жалпысынан кырсык болгон аймакта 500 адам болгон. Кырсыктан 163 үй талкаланган же жабыркаган. Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн