Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эл алдастап калганда аларды дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйын, - Президент

10.07.2020 17:45
1076
Эл алдастап калганда аларды дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйын, - Президент


Эл алдастап калганда, аларды дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйынга туруп калат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен өткөргөн онлайн кеңешмеде билдирди.

Мындай учурларда элдин башын айландырган маалыматтар таркай баштаарын да кошумчалаган мамлекет башчысы алдын алуу чараларын кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

«Эл арасында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, изоляция шарттарын, бет кап тагынуу режимин сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери ар дайым жүргүзүлүшү керек», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бишкектен аймактарга элдин агымынын көбөйүшүнө көңүл буруу менен облустарда күндүзгү стационарларды уюштуруу зарылдыгын айтты.

«Өзгөчө жай мезгилинде Ысык-Көл облусунун туристтик аймактары популярдуу болот, андыктан облус башчылары, район акимдери, айыл өкмөттөрү жана башка жетекчилер күчөтүлгөн режимде иштеп, эс алуучуларга шарттарды түзүп бериши керек», - деп баса белгиледи президент.

Мамлекет башысы ошондой эле жер-жерлерде дезинфекциялык иштерди күчөтүү керектигин айтты.

Ошону менен бирге экономикалык сектор менен айыл чарбасы маселелерин унутта калтырбоого чакырып, объектилерди, айрыкча ооруканаларды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо керектигин белгиледи.

Мындан сырткары, президент ыктыярчылар менен натыйжалуу иш алпарууну жолго коюу зарылдыгын баса белгиледи. «Бизде мындай кыйынчылыктарда дайыма жардамга кол суна турган татыктуу балдарыбыз жана кыздарыбыз бар. Мындай ыктыярчылар менен натыйжалуу иштешүү керек. Алар — чоң күч. Дарыгерлерге камкордукту күчөткүлө, аларды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылгыла», — деп жыйынтыктады  Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн