Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эл аралык издөөдө жүргөн "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун лидерлеринин бири Ош шаарынан кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун лидерлеринин бири Ош шаарынан кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун лидерлеринин бири Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

 

          Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-ноябрында КР УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, областтык лидерлердин бири «Амир» «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М. аттуу чет элдик жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды. 

 

 Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, аталган чет элдик жаран, Европа өлкөлөрүндө (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, «Хизб-ут-Тахрир» ЭТУнун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенип, Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргыз Республикасынын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

 

  Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, белгиленген тартипте өлкөсүнө экстрадицияланат.

 

           

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн