Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 08:24
USD
89.40
89.77
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Эл артисти Назира Мамбетова эл аралык сыйлыкка татыды

09.12.2021 13:38
2030
Эл артисти Назира Мамбетова эл аралык сыйлыкка татыды


Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетовага бүгүн, эл аралык Экономикалык Кызматташтык Уюмунун сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.


Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырып, ага маданият ишмерлери жана студенттер катышты.

Азамат Жаманкулов мындай эл аралык сыйлыктын Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетованын алышы, жалпы маданият тармагы үчүн сыймык экендигин белгилеп, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Экономикалык Кызматташтык Уюму - 1985-жылы түзүлгөн жана Аймактык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун мураскери болуп саналат. ЭКУ 1977-жылдын мартында үч уюштуруучу өлкө - Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы жана Түркия Республикасы тарабынан кол коюлган Уставдын - Измир келишиминин негизинде иш алып барат. 

Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынан "Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу" номинациясы боюнча бир катар өнөр адамдары сунушталып, анын арасынан Мамбетова Назира Исмаиловнанын талапкерлиги жактырылган. 

«Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу» номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын эл артисти Мамбетова Назира Исмаиловна Экономикалык Кызматташтык Уюмунун медалы жана 5 миң доллар акчалай сыйлыгы менен сыйланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн