Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 00:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Эл өкүлү кесиптештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырды

09.04.2025 11:43
153
Эл өкүлү кесиптештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырды


Депутат Кундузбек Сулайманов кесиптештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырды.


Ал өзү да коомдо кызуу талкуу жаралгандан кийин машинадан баш тартканын айтты.


"Популист болуп жатат деп ойлобогула, мен кызматтык унааны албайм деп чечтим. Анын ордуна айыл өкмөттөргө же соцобъектилерге берели. 1,5 жыл убактыбыз калыптыр, туура көрсөңүздөр баарыңыздарды чакырып кетем", — деди эл өкүлү.


Эске салсак, мартта президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн