Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Элчи Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы менен жолукту

13.07.2023 16:07
304
Элчи Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы менен жолукту


Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун, бул аралыкта өлкөлөр ортосунда тыгыз достук жана өнөктөштүк мамилелер түзүлгөнүн белгилешти.

Наталья Кочанова өлкөдө кыргыз-беларусь мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурарын белгиледи. Бул контекстте тараптар товар жүгүртүүнүн өсүшүнө канааттангандыгын билдирип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Беларуска быйылкы жылы расмий сапарын уюштуруу жана эки өлкөнүн парламенттеринин арасында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу маселеси талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн