Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Элчи Казакбаев Түркиянын президентинин улук кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту

06.02.2023 16:36
211
Элчи Казакбаев Түркиянын президентинин улук кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын президентинин улук кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Жолугушууда тараптар Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, аймактык коопсуздуктун жана туруктуулуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда тарыхтын, тилдердин, маданияттардын жана салттардын жалпылыгы кыргыз-түрк мамилелеринин бекем пайдубалы экени өзгөчө белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилигин макулдашуу жана дайындоо маселеси көтөрүлүп, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара сапарларын, өлкөдө жашап туруу шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты арттыруу талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн