Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, ушул жылдын 3-августунда Россия Федерациясынын Москва облусунун Истринский районундагы Петровское айылында жайгашкан «Озон» маркетплейсинин кампасынан өрт чыккан өрт боюнча маалымат берди.
Элчилик билдиргендей, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча ыкчам штабынын маалыматы боюнча, 20 миң чарчы метр аянтты ээлеген өрт өчүрүлүп, миңден ашык адам эвакуацияланган.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн