Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Элчиликтин кызматкерлери Тажикстандын абактарында жаткан кыргыз жарандарынан кабар алды

16.02.2023 15:28
252
Элчиликтин кызматкерлери Тажикстандын абактарында жаткан кыргыз жарандарынан кабар алды

Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери Тажикстандын абактарында жаткан кыргызстандыктардан кабар алышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчилик 2023-жылдын январь-февраль айларында КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Эллчиликтин кызматкерлери Тажикстандын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүдө Кыргызстандын жарандары жаза өтөп жаткан Душанбе, Вахдат, Явон жана Худжанд шаарларында жайгашкан түзөтүү мекемелерине барышты. Иш сапардын алкагында дипломаттар КР жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, аларды кармоо шарттары менен таанышты. Жолугушууларда маалыматтык-консультациялык жардам, анын ичинде жазаны андан ары өтөө максатында Кыргызстандын түзөтүү мекемелерине которуу жол-жоболору маселелери боюнча да жардам көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Баткен облусу менен чектеш Согди облусуна консулдук иш сапар жүргүзүлдү. Анын алкагында Согди облусунун аймагында убактылуу/туруктуу жашаган КР жарандарын кабыл алууну уюштурду. Анда мурда келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Душанбе шаарына барууга мүмкүнчүлүгү болбогон жашы жете элек балдарга жана аялдарга КР жарандарына, жалпы жарандык паспортторду, мекенине кайтып келүү күбөлүктөрүн тариздөө жана берүү ишке ашырылган. Кыргыз жарандарга Тажикстан аймагында жүрүү эрежелери кеңири түшүндүрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн