Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Элди бөлүп-жарган блогер камакка алынды

17.02.2020 13:24
690
Элди бөлүп-жарган блогер камакка алынды


Блогер Эмир Сыдыманов Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу 17-февралды Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлады.


“Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери 1997-жылы туулган Сыдыманов аттуу жаранды кармады. Ал Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча шектелүүдө”, - деп айтылат аталган билдирүүдө.


Буга чейин блогер Эмир Сыдыманов социалдык баракчасы аркылуу уюштурган түз эфиринде Кыргызстандын кээ бир облустарынын тургундары жөнүндө терс пикирин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн