Кыргызстан Түркмөнстан менен жыл аягына чейин электр энергиясын сатып алуу боюнча дагы бир келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
«Учурда бул багыттагы сүйлөшүүлөр мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде жүрүп жатат», - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, буга чейин эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 млн кВт/саат электр энергиясын берет. Президент Садыр Жапаров , Түркмөнстандан электр энергиясы 2 сомдон алынып келинерин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн