Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Элизабет шумдуктуу жаман көздөрдөн коркот экен

05.02.2021 08:29
492
Элизабет шумдуктуу жаман көздөрдөн коркот экен


Жаным помпошка кызым, кече иштен чарчап келсем, жүрүң апа Италиянын пиццасын алып берем, пайдалуу чөп чай ичебиз, машина айдап деле чарчаба, таксиге салып алып барып келем деп кубандырды. Анан жакшы сөздөрдү айтып, сени өтө жакшы көрөм, сендей кымбат жакыным бар, мен бактылуумун деди эле, кантип көзүмөн жаш чыкканын билбей калдым. Кудайым өмүрлүү кылсын. Канчалык назик болгон менен, ушунчалык акыйкатчыл күчтүү кыз. Өзүн бир рамкада бир кыялдуу алып жүрөт. Кызымда мендей бирда курбусу жок, кыздар менен такыр достошпойт, убактысыда жок. Өзү менен өзү кечкери эмгектенет. Орустаргада жолобойт, кыргыздардан кырк км качат, казактарга интервью бергени эле барат, аларга деле жакын эмес. Канадада жүргөндө гана өтө эркин бактылуу жүрчү, бир күнү сурадым эмнеге өзүңү жакшы сезесиң деп. Апа адамдардын көздөрү эч нерсе аңдыбайт бул жакта, куулук шумдугу жок деди.


Көрсө Элизабет коркот экен, шумдуктуу аңдыган жаман көздөрдөн. Казакстанга барганда же биз жакка барганда, аңдымак түгүл ырымдап бирдемелерди кылып жиберетго жуксун деп, анан жүрөгү түшүп коркот. Апа барбай эле коёлучу, жакшылык таппайбыз ал жактан дейт. Бир жолу бир кемпир чачынын бир кылын жулуп алып, жүрөгүн түшүргөн, неберем сендей болсун деп, фанаттар тыгылып автограф алып жатканда. Анан бир жыл оорудук. Менго андайларды тоготпой аурама киргизбей бекем жабык жашап үйрөнгөм, кызымыда үйрөтөм, бирок жашта азырынча, толук үйрөнө албай жатат. Америка, Канада, Европаларда мындай кара өзгөйлүк жоюлган.


Чындыгында тууган уруктардан  өтө алыс жашаган, чоң жеңилдик.


Жакшылап катайып бекем психологияң бир оордуна түшүп, терең билим алып, жан дүйнөңү жабыркатпай сактап алууну үйрөн. Анан Аксыга алып барып, бүткүл шумдуктун барын көрсөтөм дедим. Монстр болуп кайтасың илгеркидей, тирүү үндүктөрдүн жүнүн жулуп, адамдардын көзүнө эмес, сөзүнө чыдап, жан талашып айтышып актанып, бир паста сенида каралап жиберет дейсиң, туугандар эле десем каткырып коёт жаным



Анан ха щас, ким чыгат жекеме жеке деп чыгасың, сага айылда бир ай жашаш керек болду дедим.


Падишахан Султаналиева


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн