Кулжа 14, 2025
Убакыт: 06:02
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

«Елизавета» курулуш компаниясына бир катар мыйзам бузганы үчүн айып салынды

13.06.2025 09:53
24
«Елизавета» курулуш компаниясына бир катар мыйзам бузганы үчүн айып салынды


Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө «Елизавета» курулуш компаниясы тарабынан көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.


Муниципалитеттен билдиришкендей, Жумабек көчөсү 199 дарегинде жумушчулар техникалык подъезд түзүү максатында ирригациялык системаны өзүм билемдик менен бетондоп алышкан. 


Окуя болгон жерде жолдун булганышы катталган. Ошондой эле антисанитардык абал жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу боюнча протоколдор түзүлдү.


Жалпы суммасы 76 миң сомго барабара айып салынып, «Елизавета» ЖЧКнын өкүлдөрүнө мыйзам бузууларды жоюу тапшырмасы берилди.

Муниципалдык инспекция курулуш иштери жүрүп жаткан жана ага жакын аймакта тазалыкты жана тартипти сактоого, борбордун жолдорунун булгабоо үчүн аянтчада дөңгөлөк жуугуч станция иштеши керек, өндүрүш калдыктарын сактабоо, таштандыларды уруксат берилбеген жерге ыргытпоону эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн