Журналист Эльнура Алканова Самара Каримовага жеке музыкалык мектеп ачууга көмөктөшөт. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Намысы бар айым! Туура чечим кабыл алды. Кечирим сураганы инсандын кичи пейилдигин көрсөтөт дегендей, Самара канатыңды кайрыба! Кел андан көрө жеке мектеп негизде! Мен жеке жардам берем, колумдан келе турган кызмат болсо, албетте жөлөк болуп берейин" ,- деген билдирүү калтырган Алканова.
Эске салсак, бүгүн Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директорлугунан баш тартты.
Пикирлер (1)