Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Эльвира Сурабалдиева Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-аялдары тобунун биринчи жолугушуусуна катышты

24.12.2020 16:46
674
Эльвира Сурабалдиева Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-аялдары тобунун биринчи жолугушуусуна катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-аялдары тобунун онлайн-форматтагы биринчи жолугушуусуна катышты.  


Жолугушуунун катышуучулары алдында БУУ Башкы катчысынын жардамчысы, Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча БУУӨП аймактык директору Мирьяна Сполярич Эггер жана БУУ Баш катчысынын Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Наталья Герман сөз сүйлөдү.  


Өз кезегинде вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Борбор Азиянын лидер аялдарынын актуалдуу маселелерди чечүүдөгү күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


«Кыргыз Республикасы аймактагы өлкөлөрдүн Лидер-аялдарынын диалогун түзүү демилгесин колдоого алат. Өзгөчө көңүлдү гендердик өнүгүү, үй-бүлөлүк зомбулук, маалыматтар базасын түзүү, аялдар ишкерлиги, постковиддик дүйнөдөгү реабилитация маселелерин чечүүгө буруу керек деп эсептейм. Өзүм тараптан аталган аянтча алкагында жемиштүү иш жүргүзүү үчүн күч-аракетимди жумшоого даярмын», – деп белгиледи ал. 


Белгилей кетүүчү жагдай, жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдары катышты. Алар: Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Аялдар жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат боюнча улуттук комиссиянын төрайымы Лаззат Рамазанова, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрайымы Хилолбы Курбонзода, Түркмөнстан Парламентинин (Межлис) төрайымы Гульшат Маммедова, Өзбекстан Республикасынын Парламентинин (Олий Мажлис) төрайымы Танзила Нарбаева.


Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Борбор Азия мамлекеттеринин лидер аялдарынын декларациясына кол коюшту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн