Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Эльвира Сурабалдиева Чүй облусунун мугалимдери менен жолугушту

06.01.2021 09:55
489
Эльвира Сурабалдиева Чүй облусунун мугалимдери менен жолугушту

Вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттү басма сөзк кызматы кабарлады.


«Билим берүү тармагынын кызматкерлерине маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөн. COVID-19 пандемиясы учурунда мугалимдердин эмгегине жалпыбыз баа бердик. Аралыктан окутууга мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да даяр эмес эле. Бирок пандемиянын шарттары өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бүгүнкү күндө окууда эскирген, натыйжасыз ыкмаларды кайрадан карап чыгып, учурга ылайык келген заманбап ыкмаларды жана программаларды пайдаланууга өтүү зарыл. Тутумду өзгөртүүгө мезгил келип жетти», - деди Эльвира Сурабалдиева жана билим берүү тутумундагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоого мүмкүндүк берген ушундай жолугушуларды өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, актуалдуу маселелердин жыйындысы талкууланды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн