Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эльвира Сурабалдиева 27-февралда кайра өтө турган парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сурабалдиева №27 Биринчи Май шайлоо округунан өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, БШКдан каттоодон өттү.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган шайлоо округунда "баарына каршы" варианты жеңгендиктен шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Пикирлер (1)