Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эльвира Сурабалдиева парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ал Биринчи Май округу боюнча бир мандаттуу талапкер катары өзүнүн талапкерлигин көрсөтмөкчү.
Эскерте кетсек, аталган шайлоо округунда 28-ноябрда "Баарына каршы" варианты жеңген. Мындан улам, кайра шайлоо өткөрүү талап кылынат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн