Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Эльвира Сурабалдиева педофилдердин сүрөттөрү менен картасын түзүүнү сунуштады

04.01.2021 12:09
518
Эльвира Сурабалдиева педофилдердин сүрөттөрү менен картасын түзүүнү сунуштады


Вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева педофилдердин бирдиктүү картасын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.


"Мектептен баштап элементардуу нерселерди - бала-кыздарыбызга чоочундарды ээрчибегиле, машинасына отурбагыла, такыр сүйлөшпөгүлө, алданбагыла дегенди да үйрөтүү керек экен. Педофилдер ким экенин чоңдору да билбеген учурлар бар. Интернеттеги порнографияга өспүрүмдөр үчүн чектөө болушу зарыл - балдарыңардын телефондорун, компьютерлерин акыркы жолу качан текшердиңиздер эле? 

Ушундай карталар бизге да керек. Ар бир ата-эненин, жалпы эл-журтубуздун назарына чыгарбасак болбой калды. 13-жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде, айылдаштагылар, тескерисинче, ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурга баардыгыбыз күбө болдук. 

Кыргызстандагы педофилдердин картасын түзүп, ачыкка чыгарганына сиздердин ой-пикириңиз кандай? Же "байкуштардын" жакындары бар, уят деп, аларга да боору ооругандар барбы?",- деп жазылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн