Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Эльвира Сурабалдиева "Кыргызтесттин" иши менен таанышып, тест тапшырды

22.12.2020 16:14
629
Эльвира Сурабалдиева "Кыргызтесттин" иши менен таанышып, тест тапшырды


Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөтүүдө пайдаланылуучу усулдардын принциптери менен таанышты. Бул туууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


«Мамлекет тарабынан тилибизди мындан ары карай өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Бардыгы кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестти тапшырышат. Жакынкы учурдан бери катардагы жарандар үчүн да тил билүү деңгээлин аныктоосу үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Азырынча тест акы төлөө негизинде өткөрүлөт, мында тилди күчтөп окутуу тууралуу сөз жок, ошол эле учурда тест тапшырган адам өзүнүн тилди билүү деңгээлин аныктай алат», - деди вице-премьер-министр. 


Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик тилди билүүгө карай сынамык тесттен өттү жана аны ийгиликтүү тапшырды.


Белгилесек, мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоочу сынамык тест лексика-грамматикалык нормаларды тажрыйба жүзүндө колдонуусун, угуп жана окулган текстти түшүнө билүүсүн, ошондой эле жазуу жана оозеки түрдө өз ой-пикирин билдирүү деңгээлин аныктайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн