Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Эльвира Сурабалдиева жумушсуз калганы боюнча үн катты

02.02.2021 17:10
3170
Эльвира Сурабалдиева жумушсуз калганы боюнча үн катты


Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева кызматтан кеткени боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анда ал бардык колдоочуларына ыраазычылык билдирген.

"Жогорку кызмат чоң жоопкерчиликти талап кылат. Муну менен бирге стрессти кошо алып жүрөсүң.  Оор мезгилде кызматка келдим. Убактылуу экенин башында эле билгемин. Бул тууралуу башында  сөз болгон. 

Республикалык штабдын жетекчилигин өткөрүп берем. 4-февралда кызматта отурганыма 100 күн болот. Отчетумду берем", - деп билдирүү калтырган Сурабалдиева.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Дони
Эркекче иштеди бирок калыш керек болчу
Айзада
Анча мынча уктап отурган депутатарга караганда Элвира Сурабалдиева жакшы эле иштеди