Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эмдөө борбору үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жашыл коридорлорду уюштурду

21.08.2020 14:32
803
Эмдөө борбору үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жашыл коридорлорду уюштурду


Республикалык эмдөө борбору жыл соңуна чейин пландык иш чаралардын 90 пайыздан көбүн ишке ашырууга белсенүүдө. Бул тууралуу мекеменин директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.


Анын айтымында, бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тиешелүү санитардык нормаларды сактоо жолу менен эмдөө иштери кызуу жүрүүдө.  


"Республикалык эмдөө борбору тарабынан үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жашыл коридорлор уюштурулган. Эмдөөгө келгендердин дене табы аралыктан өлчөнүп, колдору антисептик менен тазаланган соң эмдөө бөлмөсүнө кое берилүүдө. Муну менен бирге эмдөөгө чейин жана эмдөөдөн кийин 30 мүнөт аралыгында ар бир баланын саламаттыгына дыкат медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат”, - дейт ал. 


Кыргызстанда эмдөө иштери улуттук календардык планга жараша акысыз жүргүзүлүп келет.


"Эгер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзүңүзгө же чүрпөңүзгө эмдөө жасалбай калса, жашаган дарегиңиз боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна алдын ала жазылган соң кайрылсаңыз болот. Себеби өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканына карабай саламаттык сактоо уюмдарында социалдык аралык сакталышы талап", - деди Гүлбара Ишенапысова. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн