Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:25
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Эмдөөдөн кийин каза болгон аялдын өлүмүн эксперттик комиссия иликтейт

23.07.2021 10:56
729
Эмдөөдөн кийин каза болгон аялдын өлүмүн эксперттик комиссия иликтейт

Эмдөө алгандан кийин КР жаранынын каза болгон учуру боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде эксперттик комиссия түзүлүп, иш алып барууда. 


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев 2021-жылы 22-июль күнү эмдөөдөн кийин каза болгон жаран тууралуу маалымат берди. 


Алдын ала маалыматтар боюнча эмдөөнүн терс көрүнүштөрү такталууда. 


 "Жаран 19-июль күнү саат 8:30да №1 Үй-бүлөлүк медициналык борборунан Спутник-V вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин дагы кошумча маалымат берилет",- деп билдирди КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн