Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:48
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Эмдөөдөн өткөндөн кийин организм кайра алсырай баштайбы?

25.03.2021 22:07
1568
Эмдөөдөн өткөндөн кийин  организм кайра алсырай баштайбы?

Вакцина, эмдөө десе эске түшүп кетти. Бир канча жыл мурда кыштын алдынан иштеген мекемебиздин эсебинен сасык тумоого (гриппке) каршы эмдетмей болуп калышты. Албетте, иштин кызыкчылыгы үчүн. Коронавирустун аты-жыты жок кез. Бир менчик клиникадан жонубузга укол сайып, таасири алты айга жетерин айтышты. Башкаларды билбейм, мен чын эле ошол кышта грипп-срипптен алыс, дикилдеген бойдон чыгып кеттим. Бирок алты айдан кийин бүткөн боюм бошошуп, шалдырай түштүм. Жаздын жамгырлуу күндөрүндө баары бир грипп жугуп, тумоолодум. Ошондо баягы эмдөөнүн пайда-зыянын, мөөнөтү бүткөндөн кийин организм кайра алсырап, анча-мынча вируска деле туруштук бербей каларын түшүндүм. Укол-дарыдан көрө жөн эле натуралдык мөмө-жемиштер менен эле иммунитетти күчөтсө болоруна акылым жетип калды. Бир жерден окудумбу, же бирөөдөн уктумбу, айтор лимон, бал, сарымсактын аралашмасы эң мыкты дары болорун билген соң, жасап колдоно баштадым. Чын эле иммунитетти күчөтөт экен. Мурда чүчкүрүп-бышкырган адамдын жанынан өтө койсом эле дароо грипп жугуп, андан калган жөтөл көк жөтөлгө айланчудай оо бир топко барып араң кетчү. Ушул аралашманы колдонгон кышта оору-сыркоодон алыс болдум. Мурду шырыктап, чүчкүрүп-бышкыргандардын жанына жакын туруп, өзүмдү текшерип да көрдүм. Жуккан жок. 


Ошондон тарта үзбөй колдонуп келатам. Кудайга шүгүр, саламаттык жакшы. Сасык тумоодон сактангандан мурда кан айлануу, тамак сиңирүү системасы да жакшы иштеп каларын байкадым. Кээ-кээде болуп калчу зарнадан арылдым. Жеңил жүрөсүң, анча-мынча стресс, депрессия дегендер да жолобойт. Кечке компьютерде отургандыктан баш оорлошуп чыкчу. Андан кутулдум. Бронхит, гайморит сыяктуу “ит” коштогон дагы бир канча ооруларга дары. (менин сунушум менен ушул ыкманы колдонгон бир таанышым дем кыстыгуудан, жөтөлдөн арылганын айтты). Рак ооруларынын алдын алат. Кыскасы пайдасы өтө көп. 


Көрсө лимондун микробго, сезгенүүгө каршы касиети бар экен, анын курамындагы С витамини иммундук системаны күчөтөт, организмдин инфекцияларга каршы күрөшүү жөндөмүн жогорулатат. Лимондогу флаваноиддер кан айланууну жакшыртып, жүрөк кандын жеңил агымы менен камсыздалат. Кан басымын төмөндөтөт, лимондун курамындагы маанайды көтөрүүчү заттар катуу баш оорунун, невроздун алдын алат, лимондогу калий мээни, нерв системасын азыктандырат; чач түшүүсүн, агаруусун жайлатат. Боордун, өттүн иштешин жакшыртып, организмден токсиндерди чыгарууга жардам берет, иммундук системаны мыктылайт, ашыкча салмактан арылтат. Эми айта берсе пайдасы өтө көп экен. 


А лимонго сарымсак менен таза бал кошулганда мындан да күчтүү антибиотикке айланат. Ошентип коронавирус деген балакет келгени бул ыкмамдын актуалдуулугу мурдагыдан да арта түштү. Эми мынча болду даярдоо ыкмасы менен да бөлүшө кетейин, кимдир бирөөгө пайдасы тийип калар балким. 4-5 даана лимонду таза жууп, кабык-сабыгы (эң көп витамин лимондун кабыгында) менен эт туурагычтан өткөрөсүз. Анан 7-8 баш (зубчик) сарымсакты да эт туурагычтан өткөрүп, ага 150-200 грамм таза балды кошуп аралаштырасыз. 100-150 грамм имбирди майдалап кошуп жиберсеңиз дагы жакшы болот. (Коронавирус чыкканы имбир да кошо баштадым.) Болду, бир литрлик банкага баткыдай “эликсир” даяр. Картошканын пюресиндей эле болуп калат. Муздаткычка саласыз да күндө эртең менен турар замат чоң кашык менен бирди уруп аласыз да жарым саатка чейин эч нерсе ичип-жебейсиз. Кааласаңыз кечки тамактан жарым саат мурда да бир кашык жеп койсоңуз боло берет. Ушундай эң арзан, жөнөкөй ыкма. Кызыккандар болсо жеке байланыш аркылуу деле толук түшүндүрүп берем. Оору-сыркоодон алыс бололу!


Шайырбек Эркин

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн