Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Эмгек министрлиги адам сатууга каршы күрөшүүнүн маалыматтык стратегиясын иштеп чыкты

31.07.2023 11:32
312
Эмгек министрлиги адам сатууга каршы күрөшүүнүн маалыматтык стратегиясын иштеп чыкты


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция адам сатууга каршы күрөшүүнүн маалыматтык стратегиясын иштеп чыкты. Бул тууралуу эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө арналган тегерек столдо билдирди.

"Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чараларды системалаштыруу жана калктын маалымдуулугун колдоо максатында Эмгек министрлиги адам сатууга каршы күрөшүүнүн маалыматтык стратегиясын иштеп чыкты.

Стратегияда жабыр тарткандарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ала турган кызматтар жөнүндө маалымат берүү маселелерине өзгөчө орун берилет.

Министрдин кабинетинин адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасын ишке ашыруунун алкагында өткөн жылы райондук, облустук жана шаардык деңгээлдерде адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан коргоо боюнча мамлекеттик, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык реабилитациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиялар түзүлгөн.

2022 - жылы адамдарды сатуунун 6 курмандыгы социалдык реабилитациядан жана социалдык ре/интеграциядан өттү", - деди ал.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурган тегерек столдун ишине ыйгарым укуктуу органдардын, Акыйкатчы институтунун, ведомстволор аралык комиссиялардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн