Эмгек жана оцалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова аталган министрликтин министр кызматына талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде Ализа Солтонбекованын талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Талапкер премьер--министр тарабынан көрсөтүлгөн. Солтонбекова 2018-жылдан бери аталган министриликтин министринин орун басары болуп эмгектенип келген.
Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Улукбек Кочкоров эмгектенип келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн