Бүгүн Конституциялык кеңешменин жыйынында Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды.
Президенттиктен талапкерлигин алган Марат Кайыпов Республика Кыргыз деп өзгөртүүнү сунуштады. Анын айтымында Кыргыз Республикасы деген аталыш жалаң кыргыздар жашайт деген мааниге келип каларын белгиледи.
Кеңешменин дагы бир мүччөсү Кадыр Кошалев мындай деди. "Биз Кыргыз Эл Республикасы деген аталышты сунуштайбыз. Анткени, элдик бийлик орноду. Ошондуктан Кытай Эл Республикасы деген сыяктуу Кыргыз Эл Республикасы болуш керек".
Пикирлер (1)