Алгачкы жолу Кыргызстанда чыгарылган Beles автобусу ЕАЭБдин сыноосунан ийгиликтүү өтүп, сертификат берилди. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Мирбек Аскаралиев билдирди.
Анын айтымында, эми Кыргызстанда унаа өндүрүү мезгили башталат.
""Белес" автобусу ЕАЭБден сыноодон өтүп, баардык талаптарга жооп берет деген сертификатка ээ болдук. Эми биздин автопром дүйнөгө өз өндүрүшүн чыгара алат. Бизди колдогон жалпы Кыргызстандыктарды "Белес" автобусун чыгарганга аракет кылып жаткандардын атынан ыраазычылык билдиребиз",- деди Аскаралиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн