Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эми курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн мыйзамдуулугун онлайн текшерүүгө болот

27.01.2024 09:37
225
Эми курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн мыйзамдуулугун онлайн текшерүүгө болот


Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан курулуш объекттеринин электрондук реестри ишке кирди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен (Мамкурулуш) билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, калк арасында резонанс жараткан өтө курч маселелердин бири болуп, курулуп жаткан көп батирлүү үйлөрдөн жеке турак жай сатып алуу маселеси саналат.

Алсак, сатып алынып жаткан кыймылсыз мүлк жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле Мамлекеттик курулуш агенттигинин ишин жакшыртуу максатында, мекеме тарабынан Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан курулуш объекттеринин электрондук реестри ишке кирди.

Колдонуучу курулуш объектиси жөнүндө кызыккан маалыматты эркин ала алат.

Мындан тышкары, курулуштун мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү портал менен интеграцияланган.

Колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн бул портал ведомствонун расмий сайтында жайгаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн