Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Баатырова Гүлнара Маришовна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн