Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эми таксилер Ысык-Көл, Нарын, Токмокко Батыш автовокзалынан каттабайт

10.04.2023 15:06
332
Эми таксилер Ысык-Көл, Нарын, Токмокко Батыш автовокзалынан каттабайт

Жол кыймылынын коопсуздугун жана иреттүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле Батыш автобекетинин жанындагы иретсиз токтотууларды жоюу максатында шаар аралык такси каттамдары эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу муниципиалитеттин маалымат кызматы кабарлады.


Чыгыш багытына (Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б.) каттаган такси маршруту Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми батыш багытына (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткен ж.б.) каттаган такси маршуруту тиешелүүлүгүнө жараша Батыш автобекетинин аймагында жайгашат.


Биринчи май муниципалдык администрациясынын демилгесин «Бишкек автобекет» мамлекеттик ишканасы жана Свердлов муниципалдык администрациясы колдоого алды.


Белгилей кетсек, буга чейин Батыш автобекетинде тартипти калыбына келтирүү иштери башталып, бордюрлар орнотулууда, бошогон муниципалдык жер тилкеси көрктөндүрүлөт, жакын арада унаа токтотуучу жайлардын эреже бузууларын каттоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн