Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын өткөрдү.
Мэр президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен кандай мамиледе экенин айтты.
"Камчыбек Кыдыршаевич менен 15 жылдан бери таанышмын. Мен вице-мэр болуп иштегем, кесиптешим болчу. Садыр Нургожоевич менен жакында эле тааныштым. Мен "Мекенчил" партиясы менен шайлоого катышкам", — деди Абдыкадыров.
Эске салсак, Эмилбек Абдыкадыров Айбек Жунушалиевдин ордуна мэр болуп дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн