Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:15
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Эмилбек Каптагаев: Борбор калааны Манас деп атаган туура болот

04.03.2021 12:58
2403
Эмилбек Каптагаев: Борбор калааны Манас деп атаган туура болот

Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынын аталышын Манас деп атоону сунуштады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Жалган жерден тарых жаратуу жакшылыкка алып барбайт...  Бишкек ысымдуу инсан жашап өткөн болсо дагы  ал кишинин атынан жер аталып калганбы же болбосо ушул Бишкек деген жерде туулуп калганы үчүн ата-энеси ага Бишкек деп ат койгонбу белгисиз...  Негизи Чүйдөгү  жер-суунун аттары Кара-Балта, Сокулук, Бишкек, Токмок деп бир логика менен аталганы бекер жерден эмес, кыргыз эли жөн эле атай бербейт эле. Анын үстүнө жазуучу  Нурия Шагапова өзү моюнуна алып жатат, 1991-жылы академик Плоскихтин өтүнүчүн менен "Бишкек жомогун" ойдон чыгарып жаза салдым эле деп... Эми минтип "Ордо калааны негиздөөчү" катары ташка чеккен таптакыр натуура иш...  Документалдуу тарыхый далил жок болгондон кийин бул ишти токтотуу зарыл. Негизи эле ары бери талашпай Ордо калааны "МАНАС" деп  койгонубуз туура. Болбосо Шагапова деген жазган жомоктун каарманы, ошонун атынан Ордо калаабыз Бишкек деп аталат дегендин өзү уят",- деп билдирүү калтырган. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Максат
Бишкек баяны чындыгында жомок болсо демилге туура, бирок учурда экономиканы, идеологияны оз днгеелине которсок шаарыбызды атка жараша ондоп, тузосок туура болоор эле. КАЗАХТАРдын жолун колго алсак жарашат эле. Санжырада Бишкек тарыхий инсандардын катарында тизмекте болуп, 1705 жылы туулуп,калмактар менен боштондук учун курошкон даректери бар. Азыркы эски унаалар сарайындагы курулуштары маалым.
Таа
Азыр ат озгортчу ахвалдабы олко .Карыздан кутулушту ойлонбой мааниси жок сунуш айтип меесиздер.