Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эмне деп былжырап жатат? Президент суроого туура эмес жооп берген министрдин орун басарына эскертүү берди

28.12.2022 15:21
629
Эмне деп былжырап жатат? Президент суроого туура эмес жооп берген министрдин орун басарына эскертүү берди

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.


Жыйындын жүрүшүндө президент Финансы министринин орун басары Руслан Татиковду микрофонго чыгарып Жогорку Кеңештеги жообу үчүн эскертүү берди.


"Мага берген маалыматтарга караганда сиз 2016-жылдан бери Финансы министрлигинде иштейт экенсиз. Эмне үчүн депутат 2 жылда канча карыз алдык десе, 7 миллиард карыз алдык жалпы 11 миллиард доллар карыз бар деп жатасыз?",- деди президент.


"Ал жерде депутаттын суроосуна түшүнбөй калыпмын",- деди Татиков.



"Түшүнбөй калсаң кайра сурасаң болбойбу? Же атайын элди дүрбөлөңгө салыш үчүн ошентип жатасыңарбы? Азыр эми эл ойлоп калат "мына булар сырттан карыз алып айлыктарды көтөрүп жатат" деп.

Азыр канча сырткы карыз бар?",- деди президент.


"Азыркы учурда 4,2 миллиард доллар тышкы карыз бар",- деп жооп берди Татиков.


Президент Садыр Жапаров: "Жогорку Кеңештин жыйынына барганда компоненттүү, билимдүү адамдарды жөнөткүлө. Мен телевизордон көрүп отуруп "эмне деп былжырап жатат" деп өзүм чуркап келип жооп бергим келди",- деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн