Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Эмне үчүн электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди? Министрликтин жообу

09.11.2021 09:29
565
Эмне үчүн электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди? Министрликтин жообу

Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонууда чектөөлөр киргизилгени тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Учурда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги керектөөчүлөргө электр энергиясын колдонуу үчүн берилген техникалык шарт менен электр эсептегичтерге инвентаризациялоо иштерин жүргүзүүдө. Анын негизинде көпчүлүк ишканалар электр энергиясын өндүрүш үчүн колдонууга деп документ алып, иш жүзүндө жылытуу үчүн колдонуп жатканы белгилүү болду. Бул факт боюнча акт түзүлүп, пломбалар басылууда. 


Ал эми жөнөкөй абоненттер электр энергиясын колдонуу эрежесине ылайык, эки же андан ашык тиричилик техникасын бир эле учурда иштетүүгө уруксат берилбейт. Трансформаторлор алдын ала эсептелген кубаттуулукка жараша иштейт. 

Трансформатор ашыкча жүктөм менен иштесе, электр жабдуулары иштен чыгуу коркунучу бар. 


Айрым абоненттер электр энергиясын пайдалануу эрежесин сактабай, бир эле убакта бир нече тиричилик техникасын колдонуп жаткандыктан электр эсептегичтерге лимит коюлууда. 


 Эгер аталган эрежени аткарсаңыз эле лимитти сактаган болосуз. Ошондуктан тиричилик техникаларын баарын бир учурда эмес, кезек-кезеги менен иштетиңиз.  


Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн