Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эмне үчүн пневмониядан каза болгондордун сөөгүн алып кетүүгө уруксат берилүүдө? Бороновдун жообу

07.07.2020 17:07
1600
Эмне үчүн пневмониядан каза болгондордун сөөгүн алып кетүүгө уруксат берилүүдө? Бороновдун жообу


Бүгүн, 7-июлда онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Бороновго «эмне үчүн пневмониядан каза болгон адамдардын сөөгүн туугандарына алып кетүүгө жана жууганга уруксат берилүүдө? Аларга илдет жугуп калышы мүмкүн эмеспи?» деген суроо берилди.


Премьер-министр тилекке каршы кээ бир жерлерде ушундай маселелер да козголуп жатканын айтып,  жарандарды тиешелүү талаптарды аткарууга чакырды. 


«Биздин элдин илгертен калган салты, сөөктү үйдөн чыгаруу деген сыяктуу маселелерге байланыштуу ушундай талап койгондор абдан көп. Туугандары кайгырып турса, кээ бир жерде алардын кайгысына туруштук бере албай, уруксат берип койгондор да болуп жатат. Бирок бул негизинен туура эмес, атайын алгоритм да бар бул боюнча. Ошол талапка ылайыкташтырылып коюлушу керек», - деди өкмөт башчы. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн