Бугу 07, 2024
Убакыт: 23:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Эмомали Рахмон Жапаровго эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кат жолдоду

14.01.2023 09:04
201
Эмомали Рахмон Жапаровго эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кат жолдоду

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кат жолдоду.


«Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамлекеттер достук жана ынак коңшулук маанайда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө белгилүү натыйжаларга жетишти.


Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу түзүмдөрдүн аянтчаларында кызматташуунун оң тажрыйбасына ээ, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп, глобалдык демилгелерди биргелешип илгерилетүүдө.


Мен тажик-кыргыз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого салым кошот деп ишенем.


Биргелешкен күч-аракеттер менен биз мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө, аларды жаңы практикалык мазмунга толтурууга мындан ары да ар тараптан салым кошобуз деп терең ишенем», - деп айтылат билдирүүдө.


Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн