Эгерде Тажикстандагы бийлик кандай курулганына көңүл бура турган болсок, анда чек арадагы жаңжал улут Лидери Эмомали Рахмондун «жогорку макулдугу» жок болбойт болчу.
Балким, кимдир-бирөөлөр билбейт чыгар, кече жакында эле бир имам башка адамды «улут лидери» деп атаганы үчүн камакка алынып, кайра кое берилген.
Абдулхак Обидов белгилүү дин кызматкери Домулло Хикматуллону акыркы сапарына узатуу зыйнатында айткан сөздөрү үчүн камакка алынган. Обидов маркумду «мамлекеттеги улуу лидерлердин бири» деп атаган. Коопсуздук органдары муну мамлекеттин аракеттеги президенти Эмомали Рахмондун атына көлөкө түшүрүү деп эсептешти, себеби 2016-жылы ал өзүнчө мыйзам кабыл алынгандан кийин улут Лидери деп жарыяланган.
Эске сала кетсек, ушул жылдын мартында Freedom House жарыялаган отчетунда Тажикстанды саясий жана жарандык эркиндик боюнча эң начарлардын тобуна кошкон. Адам укуктарын бузган эң начар делген 12 мамлекеттин тобуна кошулган. Тажикстан Түндүк Корея, Түркмөнстан, Сирия, Сауд Арабиясы, Кытай, Ливия жана Сомалилер менен бир катарга кирген.
Андыктан мамлекеттеги кандайдыр бир аракеттер, өзгөчө чек арада конфликттер Рахмондун макулдугу жок эле болуп кетет деген акылдуу ой жүгүртүү болбой калат.
Рахмондун кызыкчылыгы эмнеде?
Кыргызстан менен чек арадагы конфликт гана Э. Рахмондун режимин сактап калабы?
Тажикстандын президенти өз өлкөсүндөгү учурдагы оор кырдалда өзүнүн айланасына улутту консолидациялоого өтө кызыкдар. Рахмон өз бийлигин өзүнүн уулу Рустам Эмомалиге өткөрүп бериши керек. Бир сөз менен айтканда, Рахмонов династиясын орнотуу максаты бар. Бекеринен ал Саманиддерди эске салып турууну жактырбаса керек.
Кыргызстан менен чек арада конфликттердин жаралып турушу Тажикстанда мамлекеттин бардык күчүн жана калкын «Кыргызстанга каршы» консолидациялоого мүмкүнчүлүк берет. Мындай жол менен Рахмон «чындыгында эле» «улут Лидери» титулун алып жүргөнүн, ошондой эле тынчтыктын жана улуттук биримдиктин гаранты экендигин элге көрсөтүүгө аракет жасайт.
Тажикстандын жарандарынын агрессиясын Кыргызстанга буруу «букту чыгаруу» үчүн
Тажикстанда үй-бүлөлүк, кландык башкаруу уланууда, бирок, жумушсуздардын санынын өсүшү, жакырчылык жана чет өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын санынын өсүшү да улам көбөйүүдө. Тажикстандын ММКлары карапайым жарандар Россияга учуп кетиш үчүн акыркы уюн сатып жатышканын билдирүүдө. Эң кызыгы, Россияга авиабилеттерди сатуу да Рахмондун үй-бүлөсүнүн колунда.
Бул жагдай калк ичинде Тажикстандын бийлигине каршылык потенциалын күчтөнтөт. Ошондон улам президенттин кланы тажиктерди кыргыздар менен конфликтке барууга шыкакташат. Бул коомдогу чыңалууну бошоңдото алат, бийликке каршы акыйкат каардануу уят-сыйытсыз шовинизмге алмаштырылат.
Үй-бүлөнүн мамлекеттин эсебинен бизнеси баарынан маанилүү
Чек арадагы жаңжалжа Рахмондун үй-бүлөсүнүн керт башын ойлогон кызыкчылыгы бар. Тажикстандын бийлик кланы Кыргызстандан контрабандалык жол менен келген күйүүчү-майлоочу майларды, товарларды жана кайра чыгып кетүүчү контрабанданы көзөмөлдөйт. Кыргызстан тарабынан контролдун күчөтүлүшү жана контрабанда менен күрөштүн катаалданышы Тажикстандын «биринчи үй-бүлөсү» үчүн чыгашалуу.
Андыктан Рахмондун кланы жеке баюуларын жана мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз топтоп жаткан байлыктарын «Бир метр да жерди бербейбиз!» деген сыяктуу түрдүү идеологиялык чакырыктар менен ар тараптан жаап-жашырууга аракет кылууда.
«Наркотрафикти сактайбыз!»
Баткен облусунун чек арага жакын райондору наркотиканы чет мамлекеттерге өткөзүп кетүү үчүн бирден-бир негизги коридор болуп саналат, расмий Душанбе территориалдык маселелерди чечүүгө кызыкдар болбойт, себеби бул жерде Эмомали Рахмондун өзүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктары бар.
Маалыматтарга караганда, мамлекеттик чек арадан анча алыс эмес Исфара шаарында жайгашкан «Зумрад» санаториясында наркотиктердин жашыруун чоң склады бар. Аны Э. Рахмондун улуу күйөө баласы Махмадзоир Сахибов жана анын туугандары көзөмөлдөшөт. Дал ушул складдан регулярдуу негизде наркокурьерлер тарабынан товар Баткен районуна жана Ворухка андан ары сатылышы үчүн жеткизилип турат.
Кыязы, тажик тарап Исфара-Ак-Сай-Ворух автожолунда кыргыз тараптан дайыма кандайдыр бир контролдун болуп турушуна кызыкдар эмес.
Расмий Душанбе бул жол үчүн өзгөчө статус алууга дайыма аракет кылып келет. Себеби ал жол аркылуу Кыргызстандын территориясы менен Ворухдун жашоочулары гана эмес, наркокурьерлер да тоскоолдуксуз өтүп турушун камсыздагылары келет.
Акыркы версия
Айрым маалыматтарга караганда, Тажикстанда төңкөрүш жасоо даярдалууда. Бул тууралуу көп айтылды, жазылды, Тажикстандын оппозиячылдары да жазды.
Коңшулаш өлкөнүн күч түзүмдөрү Рахмондун бийликте дагы да турушу жаңы жарандык согуш менен аяктай турганын түшүнүшөт.
Карапайым тажиктердин чек арадагы согушчан жалыны «ичине» түшүп кетиши мүмкүн, ошондо Рахмонду оңой эле тактан кулатса болот.
Редакциядан: Материал knews.kg сайтынан кыргызчаланды
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн