Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Эң көп "Ата-Журт Кыргызстан". Партиялардын эсептеги каражаттары

04.11.2021 15:15
625
Эң көп "Ата-Журт Кыргызстан". Партиялардын эсептеги каражаттары

Бирдиктүү шайлоо округдары боюнча талапкерлер тизмесин берген саясий партиялардын шайлоо фондуна 3-ноябрга карата жалпысынан 120 180 392 сом түштү.


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы контролдук-ревизиялык тобунун маалыматына таянып билдирди.


Мыйзамга ылайык, талапкердин жеке каражаты 1 500 000 ден ашык болбошу керек;


Саясий партиянян жеке каражаты 100 000000 сомдон ашпашы керек;  


Жеке адамдардын ыктыярдуу берген суммасы 200 000 сомдон ашпашы керек;


Юридикалык тараптардын ыктыярдуу акчасы 3 000 000 сомдон ашпашы керек.   


Ошол эле учурда түшкөн акчанын суммасы жана саясий партиянын шайлоо фондусуна түшкөн жана коротулган акчанын суммасы 300 000 000 сомдн ашпашы керек.


Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.


3-ноябрга карата шайлоо фондусуна түшкөн акчанын жалпы суммасы 120 180 392 сом болду.  


Эң көп акча “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясына түшкөн-26 441 730 сом, анын 17 627 837 сому чыгымдалган.


Төмөндө партиялардын эсебине түшкөн каражаттардын көрсөткүчү:


1 «Ата Мекен»  3 503 256 млн сом;

2 «Бүтүн Кыргызстан» 6 829 960 млн сом;

3 «Альянс» 12 931 415 млн сом;

4 «Легалайз» 1 051 000 млн сом;

5 «Ыйман Нуру» 2 646 200 млн сом;

6 «Күчтүү регион» 1 000 250 млн сом;

7 «Багыт» либералдык-демократиялык партиясы 1 067 350 млн сом;

8 «Ынтымак» 8 481 048 млн сом;

9 «Ишеним» 21 236 241 млн сом;

10 «Азаттык» демократиялык партиясы 6 950 908 млн сом;

11 «Мекенчил эл» 2 771 610 млн сом;

12 « Кыргызстан жашылдар партиясы» 1 050 000 млн сом;

13 «Жашасын Кыргызстан» 1 017 150 млн сом;

14 «Социал-демократтар» 2 160 310 млн сом;

15 «Аруузат» 1 125 200 млн сом;

16 « Кыргызстан патриоттук партиясы» 1 449 000 млн сом;

17 «Улуттар биримдиги» 3 440 090 млн сом;

18 «Эл үмүтү» 11 687 340 млн сом;

19 «Ордо» 1 225 000 млн сом;

20 «Улуу-Журт» 1 021 200 млн сом;

21 «Ата-Журт Кыргызстан» 26 441 730 млн сом.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн