Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 12:34
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Эне менен кызынын өлүмү. Шектүү катары 16 жаштагы бала кармалды

14.05.2021 16:58
1118
Эне менен кызынын өлүмү. Шектүү катары 16 жаштагы бала кармалды

Буга чейин Бишкекте апасы менен кызын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкендиги тууралуу маалымдалган. Аталган кылмыш ишине шектелип 16 жаштагы өспүрүм бала кармалды. Бирок анын сырткы келбети өз жашынан абдан улуу көрүнөт.


Тергөөнүн маалыматына ылайык, каза тапкан 31 жаштагы келин 16 жашар бала менен таанышып, аны үйүнө алып келген. Бул учурда 60 жаштагы кыздын энеси ойгонуп кетип, үйдө чоочун адамдын отурганына ачууланган. Аял баланы тилдеп, жаш жигитке кол салган. Ошондо өспүрүм ашкана бычагын ала коюп мойунга сайып жиберген. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.


Бүгүн, 14-майда апасы менен кызынын сөөгү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жерге берилди. Бизге жеткен маалыматтар боюнча шектүү баланын ата-энеси Балыкчыга барып, туугандарынан кечирим сурап жатышыптыр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн