Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:32
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Энергетика министрлиги атом электр станциясынын курулушу тууралуу түшүндүрмө берди

21.01.2022 11:52
594
Энергетика министрлиги атом электр станциясынын курулушу тууралуу түшүндүрмө берди

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргызстандын аймагында атом электр станциясын куруу тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Министрликтин маалыматына таянсак, "Росатом" компаниясы менен болгон келишим акыркы чечим эмес.


"Аталган келишимде Кыргызстан атом электр станциясын курууга кызыкдар экендиги гана айтылган. Кыргызстандын аймагында АЭС куруу маселеси узак мөөнөттүү талкуу жана келишимдердин негизинде гана куруларын баса белгилейбиз. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалгандан кийин гана эки өлкө макулдугу менен курулат.

Мындан сырткары, келишимде Кыргызстанда илимий-техникалык тармакты өнүктүрүү маселеси коюлган",- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн