Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Энергетика тармагындагы митечилик жоюлса, өз күчтөрү менен ГЭСтерди кура башташмак

02.02.2021 12:21
498
Энергетика тармагындагы митечилик жоюлса, өз күчтөрү менен ГЭСтерди кура башташмак
Жаңы Ѳкмѳттүн тузумундо бир катар министрликтер жоюлуп, бириктирилгени жатат. Башкасын айтпасам да, Энергетика министрлиги кайрадан түзүлгѳнү жатканы туурасында айткым келди.

Көз карандысыздыктан бери энергетика тармагы реформалана берип, ашмалтайы чыкканы калды. Мурда ал натыйжалуу иштеп жаткан бирдиктүү министрлик болсо, аны таркатып, бири-бирине баш ийбеген 9 субьектиге айландырышты. Министрлик деген атын өчүрүп холдинг деген көрнөктү тагышты. Мурда электр энергиялары ГЭСтерден эле түз керектөөчүлөргө келсе, азыр анын өндүрүлүшүнө “Электр станциялары” деген ААК кожоюндук кылат, ал энергияларды “Улуттук электр тармактар” ишканасы деген транспорттоп, “Түндүкэлектро” , Чыгышэлектро”, “Түштүкэлектро” деген ААКларга берет, алар өз кезегинде Атамбаевдин балдарын марытып жаткандай ортомчу ишканаларга өткөрүп беришет, же электр энергиялары элге, керектөөчүлөргө төртүнчү, бешинчи колдон өткөндө гана жетет. Ага чейин ар субьект өзүнүн шапкесин кошуп отуруп, ГЭСтерде ар киловатт-сааты 10-20 тыйындан өндүрүлгөндөрдү элге 1 сомдон, чарбалык субьектилерге 2,5 сомдон кылып сатышат. Жолдо-белден мителерди көбөйтүп, максат кандай жол менен элди эле тоноо болсо, аны реформаларга, кайра уюштурууларга шылтап, жашырып жабуунун кандай зарылчыгы бар эле? Эми холдинг деген атын жоюп, кайрадан министрлик деп атаганы жатышат. Андан эмне өзгөрөт?! Эгерде мите курттарга айланган 9 субьект жоюлуп, иерархиялык, каржылык жактан бир субьектиге айландырылбаса, андан эч нерсе деле өзгөрбөй турганын бѳркүбүздѳй кѳрѳлү! Кеп атында эмес, затында!

Грузияда М.Саакашвили президент болгондо энергетика тармагындагы мите түзүмдөрдүн баарын жоюп, күчтүү бир министрликке айландыргандан кийин алар өз күчтөрү менен чоңу, кичинеси болуп 16 ГЭСти курушкан. Бизде деле энергетика тармагындагы митечилик жоюлса, карыздарынан да кыйналбай кутулушмак, чоңдору болбосо да өз күчтөрү менен чакан, кичине ГЭСтерди кура башташмак. Тилекке каршы, биздин жетекчилердин андай кардиналдуу чараларга эрктери жетпей, косметикалык ремонттор, орун алмаштыруулар менен эле алектенип келатышат...

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн