Бугу 08, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Энергетиктер бүгүнкү күндүн чыныгы “лампочкалары”

22.12.2020 11:27
826
Энергетиктер бүгүнкү күндүн чыныгы “лампочкалары”


Бүгүн, 22-декабрь кыргыз энергетикасынын күнү. Кыштын кыраан суугунда элге жарык тартуулап, жылуулук берген кесип ээлери, менин ардактуу кесиптештерим майрамыңыздар менен!


9 жылдан бери чогуу иштеп, күндүн ысык-суугунда бирге болуп келген Чүй жогорку чыңалуудагы Электр  тармагынын (ЧУПВЭС) жамаатын өзгөчө куттуктагым келет. Директорубуз Таалай Өмүкеевич Ибраев, башкы инженер Жумалиев Улан баштаган жалпы группанын начальниктери, инжинер-техниктер, монтерлер, слесарлар бүгүнкү күндүн баатырлары! Мен бул инсандарды элге жарык чачып, үшүсө жылытып турган шам чырактар катары баалайт элем.


Президенттикке талапкер Садыр Жапаровду Жалал-Абадда бир апа “лампочкам” дегендей, энергетика тармагында иштегендерди учурдун лампочкалары десем аша чаппасам керек. Кайраттуу, күжүрмөн кесиптештерим эл үчүн тикесинен-тик туруп, белди бекем бууп иштеп жатат. Мен да алардын катарында кыбырып жүргөнүмө сыймыктанам, кээде туруп толкунданам. Ары татаал, ары опурталдуу жумушта бөөдө кырсыктан Кудайым алыс кылсын, ден соолукта болуп, ишиңиздерге ийгиликтерди  каалайм. Бар болгула менин “лампочкаларым”!


Замирбек Аширапов, энергетик


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн