Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Энергетиктер туум деген шылтоо менен элдин “канын соруп” жатабы?

13.01.2021 14:27
1065
Энергетиктер туум деген шылтоо менен элдин “канын соруп” жатабы?


Туумдан эле "туугузуп" алган энергетиктердин "тизгинин" ким тартат? Ушуга такыр эле акылым жетпей койду. Эмне үчүн электро энергияга убагында төлөсөң деле туум (пеня) чыга берет? Убагында төлөгөндү мындай кой, ашык төлөп койсоң деле туум чыгып келет экен. Буларда өзү бет барбы?!


Билинбегени менен ар бир абоненттен 1,65 тыйындан  оңбогондой эле сумма чогулат да. Эринбей төлөм квитанцияларын карасам дайыма эле 59 тыйындан 4 сомго чейин туум чыга берет экен.  Элдин бары кечикпей төлөйт да. Бир күн кечиксе, кыш чилдеге карабай  өчүрөт.


Энергетиктер эмне эле "эдиреңдейт" - десе, "акылдуу эсептегич" деп коюп туумдан эле "туугузуп" алат окшойт. Булардын "тизгинин тарта турган"  бирөө жарым барбы өзү?


PS:  Мен өткөн айга  66  сом ашык төлөгөм.


Бакай Абдымалик


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айпери
Туура муну кандай түшүнөбүз көп балалууларга светтен жардам болот дейт бирок жок Туумсуз эле жаккан светтин акчасын алса жакшы болмок Же пособия төлөбөй машинаң бар уйун бар деп жок дегенде свет эсебин ашыкча толобосок жакшы болмок