Эпидемия башталгандан бери чет мамлекеттерден 20 миң 638 кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев 7-июлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, мекендештер Россия, Китай, Түркия, Корея, Сауд Аравия, Индия, Таиланд, Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Шри-Ланка, Малайзия, Иран, Вьетнам, Афганистан, Казакстан, Камбоджа, Украина, Венгрия, Латвия, Франция жана башка мамлекеттерден кайтарылды.
Июнь айында Бишкекке чартердик рейс менен Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Стамбул, Дубай, Нью-Делиден кыргызстандыктар кайтып келди. Бүгүн, 7-июлда дагы бир нече рейстердин келиши күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн