Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эрбол Султанбаев КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту

30.11.2023 09:23
265
Эрбол Султанбаев КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту


Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар шериктештикке Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун жүрүшүн, Кыргызстандын КМШнын аткаруу комитети менен өз ара аракеттенүүсүн жана шериктештик форматындагы интеграциялык процесстерге катышуусун талкуулашты.

Тактап айтканда, ушул жылдын 30-ноябрында Кыргызстандын туруктуу өкүл Эрбол Султанбаевдин төрагалыгында өтүүчү КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кезектеги жыйынынын күн тартиби тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн