Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 08:57
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Эрбол Султанбаев Путин менен Жапаровдун сүйлөшүүсү тууралуу комментарий берди

26.02.2022 19:18
811
Эрбол Султанбаев Путин менен Жапаровдун сүйлөшүүсү тууралуу комментарий берди

Бүгүн, 26-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алардын сүйлөшүүсү тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев пикирин билдирди.


Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин комментарийи:


“Украинадагы кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасы тараптардын тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгилейбиз.

Биз түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттайбыз, анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөр жолу менен да”, - деп билдирди Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн