Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эрбол Султанбаев: Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу тастыкталбаган маалымат тынчсыздануу жаратат

09.01.2022 16:27
956
Эрбол Султанбаев: Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу тастыкталбаган маалымат тынчсыздануу жаратат

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбеков кыргызстандык Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты.


“Бир катар чет элдик маалымат каражаттарында кыргызстандык жаз музыканты Викрам Рузахуновду Казакстанга митингдерге катышуу үчүн келген делген маалыматтары бизди тынчсыздандырууда.

Азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишенебиз.


Учурда эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери жана Ички иштер министрлиги аркылуу Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат”, - деди президенттин басма сөз катчысы.


Мурдараак, Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Калыс Ишимканов.
Наконец произошло своевременное реагирование со стороны пресс-службы президента страны- Эрбола Султанбаева. Страна должна быть сильна в информационном плане . Никогда не надо заниматься политикой хвостизма ведь если там окажется могут хвост отрубить. Поэтому можно поддержать своевременное реагирование Эрбола Султанбаева на не понятное задержание нашего гражданина .хотелось пожелать пресс секретарю дальнейших своевременных выступлений как по спорным внутренним так и международным вопросам в жизни страны.