Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 19:26:26
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Эрбол Султанбаев депутаттар колдобой койгон Идрис Кадыркуловдун Украинага элчи болуп дайындалышы тууралуу үн катты

26.01.2022 10:18
1007
Эрбол Султанбаев депутаттар колдобой койгон Идрис Кадыркуловдун Украинага элчи болуп дайындалышы тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев 25-январда Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалган Идрис Кадыркулов тууралуу пикирин билдирди.


Анын айтымында, Кадыркуловдун дайындалышы тууралуу эч кандай мыйзам бузулган жок.


"Конституциянын 70-беренесинин 4 жана 6-пунктунда так көрсөтүлгөндөй президент Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилерин жана эл аралык уюмдардагы өкүлдөрүн дайындайт жана артка кайтарып алат.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарынын элчиликке сунушталган талапкерди колдобой коюшу Конституциядан бийик турбайт",- деди Эрбол Султанбаев.


Эске салсак, УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчилигине талапкерлиги каралган учурда Жогорку Кеңештин комитети анын талапкерлигин колдобой койгон.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Логика кайда?Егерде ЖК колдобосо деле президент дайындай алса неге парламентке апкелди?